Пятница, 10 мая

Атамбаевдин “жүүнү бош” уулдары…

0

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Атамбаевдин балдарына карата сын айтты. Соцтармактагы баракчасына Турдукулов:

“Жакында эле Атамбаевдин балдары атасынын камалышына байланыштуу саясатка аралашкандарын катуу кыйкырык менен айтышты эле. Бирок аны менен катар АШАнын багытташтары – Албек Ибраимовдун, Кулматовдун, Карамушкинанын, Асель Кодуранованын жана Равшан Жээнбековдун сотун көңүл сыртында калтырышты. Балдар, мындай болбойт. Жигитчилик эмес”, — деп жазды.
Андан жарым саат өтпөй мурдагы президенттин уулдарына арналган экинчи постту жарыялады:
“Жүүнү бош окшойт. Атасы аларды жөн жерден саясатка жакындатпаган экен да”.

Атамбаевдин үч уулу бар: Сейитбек, Сейтек жана Кадыр. Үчөө тең Алмазбек Атамбаев камалгандан кийин анын каршылаштарын сынга алып, саясатка аралашууга камданышканын билдиришкен.
Карамушкина, Кодуранова жана Жолдубаеванын баш коргоо чарасы 27-декабрда түнкү саат 1ге чейин каралган. Жыйынтыгында сот үчөөн тең үй камагында калтырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз