Пятница, 20 сентября

АКШ палатасы Трампты акылга чакыруунун айласын көрүүдө

0

АКШнын өкүлдөр палатасы ушул жумада президент Дональд Трамптын Иран боюнча аскердик ыйгарым укуктарын чектөө боюнча чечим кабыл алат. Бул тууралуу палатанын өкүлү Нэнси Пелоси жарыялаганын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Анда айтылгандай ушул жумада палата аскердик ыйгарым укуктар боюнча резолюцияны чыгарып, ага добуш берет. Бул президенттин Иран боюнча аскердик аракеттерин чектөөгө алууга арналган.
Буга чейин Трамп Иран тараптан кол салуу болсо андагы 52 объекти америкалык аскердин чабуулунун алдында калаарын жар салган.

3-январда ирандык генерал Касем Сулаймани АКШнын Багдаддагы эл аралык абамайданга жасаган ракеталык соккусунан курман болгон. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи генералдын өлүмү үчүн өч алаарын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз