Понедельник, 20 мая

Израиль оорулууларга дарылануу үчүн Газадан чыгууга тыюу салды

0

Израиль бийлиги Газа секторунун тургундарынын дарт менен алышкан тургундарына дарылануу үчүн палестиналык анклавдан сыртка чыгууга тыюу салды.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги Мей Кейле Тель-Авивдин мындай аракетин “палестиналыктарды өлтүрүү чечими” катары баалады.

Министрдин айтымында Газадан сыртка чыгууга тыюу салуу бир гана оорулууларга эмес, аларды коштоп барчуларга да тийиштүү.

“Оорулуулардын арасында жаш балдар да көп, ошондой эле онкологиялык дарт менен жабыркагандар, бирөөнүн көмөгүсүз кыймылдай албагандар бар. Израилдин аракети кылмыш жана адам укугунун нормасын бузат. Эл аралык коомчулук жана укук коргоочулар тез арада кырдаалга кийлигишпесе болбойт”, — деп белгилеген министр.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда 2008-жылдын соңунан 2018-жылдын декабрына чейин 51 миңге жакын оорулуу палестиналыктар Израилдин сыртка чыгууга тыюу салынгандардын тизмесине кошулган.

Өткөн жылы Газанын ар бир үчүнчү тургунуна сыртка чыгууга тыюу салынып бул ондогон оорулуулардын каза табышына алып келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз