Пятница, 10 мая

Кыргыз-өзбек чек арасындагы абал турукташты

0

Кыргыз-өзбек чек арасындагы акыбал турукташты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Эске салсак кечээ, 6-январда Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектешкен Көк-Таш айылынын тургундары мал жандыгын коңшу өлкө менен тактала элек аймактан табышкан. Ал жерге барышканда Өзбекстандын чек арачыларына туш келишкен. Эки тараптын ортосунда кайым айтышуу орун алган.
Мамлекеттик чек ара кызматынан маалыматына караганда окуядан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушкан.

Анын жыйынтыгында өзбек тарап кыргызстандыктарга 520 майда жандыкты кайтарып беришкен. Ал эми кыргызстандыктар малын алышкандан кийин Өзбекстандын аскерлерине эч кандай дооматтары жоктугун билдиришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз