Воскресенье, 5 мая

Генералдын өлүмүнүн алгачкы кесепети: мунай менен алтын

0

Ирандын жогорку даражалуу генералы Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин Жакынкы Чыгышта туруксуздук башталды. Анын бир кесепети мунай менен алтындын баасы кымбаттады.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, алтын акыркы алты жылдан берки эң жогорку чекке көтөрүлүп, унциясы 1,576.85 долларга жетсе, Brent үлгүсүндөгү мунайдын беррели 70 доллардан ашты. Мындан тышкары АКШнын 10 жылдык баалуу кагаздарынын кирешелүүлүгү 1,77 пайызга жогорулап, инвесторлордун аларга карата кызыгуусу күчөгөнү байкалган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында АКШнын аба соккусунан мерт болгон. Пентагон генерал Ирактагы америкалык дипломаттар менен аскер кызматкерлерине кол салуу планынын үстүнөн иштеп жүргөнүн билдирген.

Бул окуя Жакынкы Чыгыштагы абалды курчутту. 5-январда Ирактын парламенти чет өлкөлүк аскерлерди өлкөдөн чыгарууга багытталган резолюция кабыл алган. Ирандын президенти Хасан Роухани чабуулду «террористтик акты» деп атап, Тегеран АКШдан өч аларын убадалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз