Воскресенье, 5 мая

АКШ Ирандын тышкы иштер министрине виза берүүдөн баш тартты

0

АКШ Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифке виза берүүдөн баш тартты. Министр БУУнун Коопсуздук кеңешинин 9-январда Нью-Йоркто боло турчу жыйынына катышышы керек эле. Бул тууралуу Интерфакс батыш ММКларына таянып жазып чыкты.
Батыштын маалымат каражаттарына бул тууралуу маалымат бергендердин бири Зариф америкалык визаны бир нече жума мурун сураганын билдирген. Коопсуздук кеңешинин жыйынын Тегерандын Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин дүйнөлүк коомчулукка түз кайрылууга алгачкы мүмкүнчүлүгү болмок.
Интерфакс белгилегендей БУУнун жыйынына катышуучуну өлкө аймагына киргизүүдөн баш тартуу 1947-жылы түзүлгөн америкалык бийликтин штаб-квартирасы Нью-Йоркто жайгашкан БУУнун бардык катышуучуларын АКШга тоскоолдуксуз киргизүү тууралуу келишимине каршы келет.
“Кудс” атайын бөлүктүн командири, генерал Касем Сулайманинин өлтүрүлгөнү 3-январда белгилүү болгон. Ал АКШ аба күчтөрүнүн Багдаддагы эл аралык абамайданга жасаган соккусунан каза тапкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз