АКШнын Аба-куралдуу күчтөрүнүн учагы Ирактагы Айн-Асад базасынын учуу- конуучу чийининде Ирандын ракеталык ок атуусунан улам жок кылынды. Бул тууралуу Ливандын “Аль-Маядин” телеканалы жарыялады.
Анда “базанын америкалык бөлүгүндөгү учуу-конуучу чийиндеги учактардын бири жок кылынганы тастыкталды” деп белгиленген.
Буга дейре ирандагы кароолчулар Корпусунун резолюциясында генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу иретиндеги операциянын башталгандыгы жарыяланган. Жер-жер классындагы ракета АКШнын аскер контингенти жайгашкан Ирактын Амбар провинциясындагы Айн-Асад базасына Иран тараптан атылган.