Понедельник, 13 мая

Кулаган учактагы жүргүнчүлөрдүн эч бири аман калган жок

0

Ирандын Тегеран шаарында кулаган Украина учагындагы жүргүнчүлөрдүн баары каза тапты. Белгилей кетсек “Украина эл аралык авиалиниясына” таандык “Боинг-737” учагы Тегерандагы Хомейни абамайданынан эртең менен учкан. Учак абага көтөрүлөөр замат диспетчерлер аны менен байланыша албай калышкан. Кыйроонун бир версиясы – техникалык мүчүлүштүк. Учак иран борбор калаасынан түштүк-батышка карата айыл чарба районуна кулаган.

Интерфакс жазгандай кырсык болгон жерге барган куткаруучулар курмандыктардын санын эсептөөгө аракеттенишкен. Акыркы маалыматтарга караганда 170ден аз эмес жаран каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз