Воскресенье, 12 мая

Солтон-Сарыдан 35 мүшөк алтын уурдап бараткан жетекчилер кармалды

0

Солтон-Сарыдан алтын кошулган заттарды уурдагандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы “Солтон-Сары” кениндеги системалуу уурдоо фактысын аныктаган. Аталган фабрикадагы жооптуу кызматкерлер алтын кошулган өндүрүш заттарын чыгарып кетүүгө катышкан.

Ишкананын жооптуу кызматкерлери алтын кошулган кенди мыйзамсыз түрдө чыгарып, Нарын жана Чүй облустарында иштетүү үчүн алып кетип турушкан.

2019-жылдын 27-декабрында Нарын облусунун Оттук айлында “Мерседес Спринтер” автоунаасы кармалган, аны тинтүү учурунда 35 мүшөккө салынган алтын кошулган өндүрүш заттары табылган, алардын жалпы салмагы 1 миң 500 кг. Кармалган жүктүн кара базардагы болжолдуу баасы – 4 миллион сом.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынды. 29-декабрда кендин жетекчилиги, фабриканын директору жана адиси кармалып УКМКнын абагына киргизилди. Учурда бул фактыга катыштыгы бар башка да жарандарды аныктоо максатындагы тийиштүү ыкчам-тергөө амалдары жүрүүдө.

Эске салсак Солтон-Сары кенин Zhong Ji Mining кытай компаниясы иштетип келген. Өткөн жылдын августунда жергиликтүү тургундар кендин иштетилүүсүнө каршы болуп митингге чыгышкан. Бул компаниянын жумушчулары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы кагылышууну жараткан. Таш ыргытуудан 20 чакты адам жабыркаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз