Понедельник, 6 мая

Башар Асад Путинге рахмат айтты

0

Сириянын президенти Россиянын президентине Дамасктагы жолугушууда ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анда сириялык лидер россиялык лидердин колун кысып: “Рахмат!” – деген. Кремль жарыялагандай Путин Сирияда россиялык топтордун командалык пунктуна барган, ал жерде Асад менен биргеликте аскерлердин докладын уккан. Андан кийин саясатчылар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Путин сириялык мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү жолунда өтө чоң аралык жасалганын, эки тараптын биргелешкен иш аракеттери акыркы жылда террористтердин бир топ коркунучтуу башчыларын жок кылууга жетишкенин белгиледи.

Ошондой эле орус лидери сириялыктарга жардам берүү менен россиялык аскерлер өз мекенин да коргоп, Россияга согушкерлерди киргизбей кайтарып жатканын айтты. Ал россиялык жана сириялык аскерлерди өз милдетин абийирдүүлүк менен аткарып жатканына ыраазычылык билдирди.

Сириялык лидер болсо Москвага терроризм менен күрөшүүдөгү жана өлкөдөгү тынч жашоону калыбына келтирүүдөгү жардамы үчүн рахмат айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз