Понедельник, 13 мая

Аялдардын күйөөсүнүн колунан өлүм табышына айланып келип Батыш айыптуу болуп чыкты

0

Бул жыл каргашалуу кабар менен башталганы маалым. Баткенде жана Кочкор районунда эки келин күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза табышты. Бири үч, экинчиси төрт баласынын апасын мыкаачылык менен өлтүргөнү тууралуу кабар тараары менен коомчулук “Кырк чоро” деп аталчу “патриот” жигиттерден куралган топту эстешти. Соцтармактарда “Кырк чоро” күчүн ушундай аялын сабап, кордогон эркектерден чыгарбайбы?!” деген пикирлер көбөйгөн. Буга байланыштуубу же айта турган убагы келдиби айтор “Кырк чоронун” бир чоросу Замирбек Көчөрбаев Фейсбуктагы баракчасына пикир калтырды:

“Бул каргашалуу күндөрдө эки үй-бүлөнүн очогунда оту өчүп, балдарын эркелетип алардын бактысына бөлөнбөй апалары муздак кара жердин кучагында калышты. Баткенде, Кочкордо күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, каза болгон маркум келиндердин жакындарына көңүл айтам. Бул суук кабарды угуп биздин дагы кабыргабыз каяшып турат. Ушул маселелер боюнча жергиликтүү РОВДнын башчысы «бизге жубайлар урушуп, же күйөөсү мас абалында ур токмокко алып жатканы жөнүндө кабар келгени менен биз эч нерсе кыла албайбыз.

Бизди 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдар менен колу бутубузду кишендеп койгон. Мурун мындай кабар түшкөндө ар кандай аракеттерди көрчү элек. Жок дегенде 15 суткага камап койчук. Азыр өлтүрүп салгандан кийин гана чара көрө албабыз»-дейт. Дагы бир фбда Алмира атту журналист карындашым «жаш балдарга зордук, зомбулук көрсөткөн учурлар да байма-бай кайталанууда. Мурунку мыйзамдарга караганда учурдагы 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдарда педофилдердин жазасы жеңилдетилитир» -деп билдирүү таратты.

Ошондон кийин менде ушундай пайдасынан зыяны көп мыйзамдарды кимдер жазган, кимдер каржылаган деген ой келди. Жообун да таптым. Батыш каржылап бир нече миллион евро берген экен, ал эми ошол мыйзамдарды кайра эле батыштын акырынан жем жегендер жазышып, 2017-жылы биздин чимкирик парламентибиз оптом кабыл алып таштаптыр.

Кызык анда эмнеге кайра эле ошол батыштын акырынан жем жегендер биринчилерден болуп аялдардын, жаш балдардын укугу деп кыйкырып чыгып жатат. Ошол мыйзамды жазып жатышканда эмнени ойлонушкан. Айтор менде толтура суроо”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз