Воскресенье, 5 мая

Учактын кыйроосу кырсыкпы же терактпы?

0

Болжолдуу маалыматтарга караганда “Украина эл аралык авиалиниясынын” Боинг-737 учагы Тегеранда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам кулаган, азырынча теракт версиясы айтыла элек деп билдирген Украинанын Ирандагы элчилиги. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Киев кырсыктан 177 адам курман болгонун тактады.

“Болжолдуу маалыматтарга караганда учак жүрүүчү жабдыктын күйүп кетүүсүнөн улам кулаган. Теракт версиясы айтылган жок”, — деп жарыялаган элчилик.

Аны менен катар Украинанын президенти Владимир Зеленский Иранда украиналык учактын кулоосу боюнча тастыкталбаган, текшерилбеген версияларды жайылтуудан алыс болууга коомчулукту чакырды.
“Бардык чараларды жеке көзөмөлүмө алып турам. Абдан суранам спекуляциядан алыс болуп, расмий билдирүү жарыяланганга чейин ар кандай версияларды таратпай турсаңыздар”, — деп жазган Зеленский соцтармактагы баракчасына.

Президенттин айтымында атайын борттор Тегеранга маркумдардын сөөгүн алып келүү үчүн жиберилет. Учурда иран тараптын макулдугун гана күтүшүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз