Воскресенье, 12 мая

Активисттер чек араны тосмолоону токтотуп, желек илүүгө киришишти

0

2019-жылдын 19-декабрында жарандык активист Мелис Аспеков соцтармактагы баракчасы аркылуу Баткендеги Тажикстан менен чектешкен чийинди тосмолоого катуу киришкен эле. Ал бир катар жарандык активисттерди бул ишке салым кошууга чакырып, ал турмак алгачкылардан акча да жыйнала баштаганын билдирген.

“Баткен дагы Кыргызстан!

Чек ара чыры кокого жетти, дагы канча адам өлүп, канчасы октон жарадар болуш керек? Келгилечи ушул арзан бетон столб менен, тикенек зымга өзүбүз эле каражат чогултуп, ашар жолу менен тосуп салалы. Өкмөттө акча жок, ишенич дагы жок буларга, бюджет дефицит, 28 жылда тартылбаган чек ара, азыр дагы тартылышы күмөн. Менден алгачкы 100$ болсун, эстафетаны патриоттор Жеңиш Молдокматов жана Жапыкеев Сыймык мырзаларга узатам…”, — деп жазган анда Аспеков.

Биз активисттин көтөргөн демилгеси канчалык ишке ашканына кызыктык. Тилекке каршы Аспеков тосмолоо токтоп, желек илүү күчөп жатканын билдирди.

“Ал демилгени токтотуп койдук. Тосмологонду кое туруп желектерди илели деп чечтик. Азыр желектер үчүн каражатты Асхат Осмонов аттуу активист чогултуп жатат”, — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз