Эрдоган АКШнын Инжирлик аскер базасын Иранга каршы колдонууга тыюу салды. Түркиялык маалымат каражаттары жазып чыккандай түрк президенти Американын мындай аракети базанын жабылышына алып келээрин эскертти.
“АКШ Инжирликти Иранга сокку урууга пайдаланса аскердик база жабылат жана ал ички аскерлер менен толук тосмого алынат”, — деди Эрдоган.
Буга дейре да түрк президенти тарабынан АКШга “Инжирлик” аркылуу эскертүү берилген. 2019-жылдын соңунда Вашингтон Түркияны орусиялык С-400 зениттик-ракеталык комплексин алуудан баш тартууга чакырган бирок мындай талапка Түркия көнгөн эмес. Түрк президенти эгерде зарылчылык болсо Инжирлик жана Күрежиктеги базалар жабылышы ыктымалдыгын да кыйыткан.
«Тараптар кийин оңдогонго мүмкүн болбой кала турган кадамдарды жасабашы керек»,-деп кошумчалаган Эрдоган Haber TV телеканалындагы кайрылуусунда.
Эки чет элдик аскер базасы жабылышы мүмкүн деген эскертүү андан бир жума мурун тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу тарабынан айтылган эле.
Мындан улам бир канча суроо жаралат: Инжирлик базасы качан ачылган жана кандайча АКШ аскерине таандык болуп калган? Түрк жергесинде жайгашкан америкалык базанын эки тарапка канчалык пайдасы жана зыяны бар? Биз бул суроолорго жооп издеп көрдүк.
Инжирлик авиабазасы –Түркиядагы АКШнын жана Түркиянын аба-куралдуу күчтөрүнүн карамагындагы база. Инжирлик шаарына жакын жайгашкан, ал эми Аданадан 8 км алыстыкта турат. Бул АКШнын жана Европадагы НАТОнун Башкаруусунун эң бир чыгыштык базасы болуп саналат. Базанын командири түркиялык аскер башчысы болуп саналаарын белгилей кетели.
Авиабаза куруу чечими 1943-жылы кабыл алынган бирок курулуш иши экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин гана башталган. 1951-жылы инженердик аскер базаны курууга киришкен. Алгач аны орто жана оор бомбалоонун запастагы аэродрому кылуу пландалган, 1954-жылдын декабрында түрк Аба-куралдуу күчтөрү менен чогуу пайдалануу боюнча келишимге кол коюлган. Түрк жана АКШ куралдуу күчтөрүнө таандык бөлүгү: биринчисине 10-авиаканат жана Аба-куралдуу күчтөрүнүн 2-башкармалыгы тийиштүү, ал эми экинчиси 39-авиаканатка (жабдылоо) ээлик кылат, анда иштегендердин саны 5 миңге жакын.
Америка үчүн бул база кансыз согуштун мурасы. Аны чалгынчы аскер учактары үчүн пайдаланышкан. АКШга Инжирлик Жакынкы Чыгыштагы аракеттер үчүн өтө ыңгайлуу база. 1958-жылдагы Ливан кризиси учурунда АКШ бул базага жүздөй аскер учагын жайгаштырган.
2000-жылдары Ирак жана Афганистандагы аскердик аракеттер учурунда, Сириядагы согушта базаны аскердик жабдыктарды ташып келүүгө активдүү колдонушту.Базаны негизинен АКШ менен Түркия колдонгону менен анда Улуу Британиянын Королдук аба күчтөрүнүн дагы контингенти жайгашкан.
Ошондой эле аталган базада америкалык өзөктүк курал бар деген маалыматтар да бар. Бирок айтылган кеп расмий тастыктоого ээ болгон эмес. Анткен менен Дональд Трамп кайсы бир билдирүүсүндө базада чын эле курал бардыгын моюнуна алган. Андан кийин курал дагы деле базада сакталуубу же сыр ачыкталгандан кийин аны алып чыгып кетиштиби – белгисиз бойдон калды. Трамп айткан куралдын баяны да өзгөчө – ал НАТОнун «Өзөктүк алмашуу» аттуу программасынын алкагында Түркияга келген. Азыркы учурда программанын алкагында мындай куралды АКШ гана сунуштай алат. Ал бир нече өлкөнүн — Түркия, Бельгия, Германия, Италия жана Нидерланддардын аймагында жайгашкан. Бирок бул өлкөлөр куралды өз алдынча колдоно албайт. Анткени аны колдонуу коду америкалыктардын колунда. Курал тыкыр сакталып, катуу кайтарууга алынаарын да белгилей кетели.