Воскресенье, 12 мая

Катар АКШ-Иран кагылышуусуна эмне дейт?

0

Катар АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну ылдыйлатуу боюнча достук мамиледеги өлкөлөр менен кеңешет. Бул тууралуу өлкөнүн ТИМ башчысы Мухаммед бин Абдуррахман аль-Тани Твиттерге жазып чыкты.

“Доха Иран менен АКШнын айланасындагы “Аль-Кудс” атайын бөлүктүн башчысы Касым Сулейманинин Багдаддагы чабуулдан улам каза болгонуна байланыштуу жаралган кырдаалга тыкыр көз салып турат. Аймак катаал убакта өтүп жатат, буга байланыштуу Катар бийлиги достук жана туугандык мамиледеги өлкөлөр менен чыңалууну ылдыйлатуу боюнча кеңешет”, — деп жазган министр.

Касым Сулеймани курман болгон Багдаддагы абамайданга жасалган операция тууралуу Пентагон маалымат тараткандан, 3-январдан кийин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчуган. Иран өз кезегинде АКШнын Ирактагы базасына “Генералдын өлүмү үчүн өч алуу иретиндеги” сокку жасаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз