Воскресенье, 12 мая

Кыргызстанда грипп жана сасык тумоо күчөөдөбү?

0

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү грипп жана сасык тумоо ооруларынын жайылышы боюнча 5-январга карата алынган маалымат таратты. Анда айтылгандай бул оорулар боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

2020-жылдын биринчи жумасында (30-декабрдан 5-январга чейин) 27,4 пайызга азайган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын 5236 оорулуу катталган 52-жумасына салыштырмалуу аз.
Оору негизинен 14 жашка чейинки балдардын арасында катталып жатат. Жалпы ооругандардын арасынан бул курактагылар 67 пайызды түзөт.

Өзүбүздү жана өзгөлөрдү сактайбыз

ОРВИ – өйдөңкү дем алуу жолдорун жабыркатуучу вирустук дарт. Ага чалдыккандарга сүт-өсүмдүк диетасын кармоо, үзгүлтүксүз жылуу суу ичүү жана ордунан турбай жатуу сунушталат.
Андан сырткары:

-ооруган адамдар эл көп жерге баруудан абайлап, беткап тагынуусу зарыл;
-организмин грипптен вакцина аркылуу коргоого үлгүрбөй калгандар табигый күчтү колдоого алуусу керек: тамак-ашка жашылча-жемишти көп кошуу, ит мурундун, карагаттын маңызын ичүү керектелет.
-жеке гигиенаны сактоо керек;

-ар бир жолу эшиктен киргенден кийин колду самындап жууш кажет;
-чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оозду жана мурунду бетаарчы менен жабуу зарыл;
-үй ичин тез-тезден микробдорду өлтүрүүчү каражаттар менен сүртүп туруу сунушталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз