Пятница, 20 сентября

Кытай бийлиги “жоголгон” уйгурларды табышы керек

0

Кытай бийлиги “жоголгон” уйгурларды табышы керек
Дүйнөлүк уйгур диаспорасы Кытай бийлигинен КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономиялуу районундагы “тарбиялоо лагерине” жайгаштырылган миңдеген этникалык уйгурлар али тирүү экендигин далилдеп берүүнү талап кылууда.
Дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жашаган уйгурлар соцтармактарда “тарбиялоо лагерине” жайгаштырылган, бирок андан соң байланыш толук үзүлгөн туугандарын таап берүүнү талап кылган видеороликтер аркылуу кайрылуу жасаган кампания уюштурушту.
Бул кампаниянын катышуучулары хештегди #MeTooUyghur (мен да уйгурмун) колдонушууда.
Диаспоранын өкүлдөрү Пекиндеги видеого жайгаштырылган, каза болгондугу жакында маалымат каражаттарында айтылган эл акыны Абдурехим Хейиттин тагдырына өзгөчө көңүл бурушууда.
Уйгурлар кытай бийлиги Кытайда байланыш үзүлүп калган туугандары тууралуу ушундай эле видеодалилди таратышын талап кылышууда.
«Мен кытай режиминен төмөндөгүнү талап кылам: менин апам жана эки агам кайда? Алардын абалы кандай? Алар тирүүбү же өлтүрүлгөнбү? Менин үй-бүлө мүчөлөрүмө эмне болду?,- деп жазган кампаниянын катышуучуларынын бири Мухаммед Атавулла. Ал уйгур өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөтүн Twitterге жайгаштырып, “жоголгон” туугандары тууралуу маалымат берүүнү талап кылган.
«Эмне үчүн Пекин бизден 73 жаштагы тууганыбызды жашырат? Силер Абдурехим Хейит тууралуу көрсөткөн видеодой, анын да видеосун көрсөткүлө”,- деп жазат башка уйгур Эмин Касым Twitterде.
Twitterдин колдонуучусу Мерйем Султан хештогдун астына өзүнүн апасы жана досунун сүрөтүн жайгаштырып, ага англис, кытай жана түрк тилдеринде “Мен да 15 жылга камалган апам менен досумдун сүрөтүн көргүм келет”,- деп жазган аял, Кытай бийлигинен туугандары менен кадимкидей жолугуп, сүйлөшүүгө уруксат берүүнү талап кылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз