Сахалиндеги тоо лыжасы боюнча «Азия балдары» оюндарынан кыргызстандыктар да байгелүү кайтышты
15-февралда Орусиянын Южно-Сахалинск шаарында (РФ) өтүп жаткан I Эл аралык «Азия балдары» кышкы оюндарында кыздар жана өспүрүм балдар арасындагы слалом (тоо лыжа спорту) боюнча мелдеш өттү. Кыргызстандын атынан Виолетта Коростелева, Эрлан Станбеков жана Кубатбек Юсупов жарышка чыгышты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик спорт, дене тарбия жана жаштар агенттиги билдирди.
Тоо лыжа спорту боюнча стартка чыккан 34 спортчунун арасынан күчтүү 24 лыжачы гана финишке келди. Жарыштын жыйынтыгында биздин лыжачы Виолетта Коростелева 1 минута 55,45 секундада келип, 22чи орунду ээледи.
Өспүрүм балдардын арасында 46 спортчу жарышка катышты. Кубатбек Юсупов 2 минута 12,11 секунда жыйынтыгы менен финишке 20чы болуп келди.
Эрлан Станбеков стартты жогорку ылдам менен баштап, бирок биринчи аракетте 10чу дарбазада лыжаны башкара албай, жарыштан чыкты. Спортчулардын айтымына караганда, лыжа жолу кууш жана эңкейиш болгондуктан, катышуучулардын жарымы финишке жеткен жок.
Слаломдо кыздар жана өспүрүм балдардын арасында медалдардын комплекттери орус спортчуларынын эсебине кетти. Өспүрүм балдардын арасында Семен Челмакин биринчи болду, анын көрсөткүчү 1 минута 17,46 секунда, андан 1,48 секундга артка калып, күмүш медалга Олег Фураев татыды. Ал эми Александр Тихомиров 1 минута 19,76 секундда финишке келип, рейтингде үчүнчү болду.
Слалом боюнча жыйынтык, кыздар:
• I орун – Анастасия Трофимова, 1 минута 21,32 секунда;
• II орун – София Назаренко, 1 минута 23,23 секунда;
• III орун – Алиса Ляскало, 1 минута 23,42 секунда.