Воскресенье, 12 мая

Баткендиктерден келген кабар

0

Жарандык активист Гүлжигит Исаков Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы аймакта жашаган тургундардан кабар алганын Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Жарандык активисттин айтымында учурда чек арадагы абал кооптуу.

“Чукул кабар келип жатат Баткен районунун Көк-Таш айылынан.

Ок атууну башташыптыр тажиктер. Мечитте азан чакырышканын айтышты жергиликтүү тургундар. Кечээ бир жараныбыздын үйүн өрттөө аракетин дагы ушул убакытта жасашкан экен.

Укук коргоо органдарын, күч структураларын тез арада Баткендин Көк-Таш айылына көңүл буруусун талап кылабыз баарыбыз!

Жаратканым тынчтык берсин элибизге жана жерибизге!” – деп жазды Гүлжигит Исаков бүгүн таңга маал.

Эске салсак кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан эки өлкөнүн айылдарынын тургундарынын ортосундагы жаңжал бүгүн түн жарымында башталганы айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз