Воскресенье, 24 ноября

Путиндин Крымга барышы Киевге жаккан жок

0

Киев дагы бир ирет Москвага каршылык нотасын жөнөттү, бул Россиянын президенти Владимир Путиндин Крымга келип кеткенине байланыштуу болду. Украинанын ТИМинин маалымат катчысы Елена Зеленконун Твиттердеги билдирүүсүнө караганда Крымды украин өлкөсү эки мамлекеттин ортосундагы такталбаган аймак катары карайт.

Эске салсак Путин Крымга кечээ иш сапары менен барып, “Маршал Устинов” Түндүк флотунун машыгуусуна байкоо салган.

“Дагы бир жолу белгилейбиз, Украинанын чек арасына караган аймакка украина тарап менен макулдашпай туруп россиялык даражалуу кызматтагылардын келип кетиши туура эмес. Бул мамлекеттик эгемендүүлүктү жана Украинанын бүтүндүгүн эл аралык укуктун принциптерине жана нормасына каршы туруу менен одоно бузуу болуп саналат”, — деп жазган маалымат катчы.

Буга дейре Украина ушундай эле каршылык нотасын Путинге 2019-жылдын март айында, андан мурда 2018-жылдын ноябрында жолдогон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз