Суббота, 11 мая

Трамп: Сулеймани АКШнын Багдаддагы элчилигин жардырууга камынган

0

Ирандагы жогорку даражалуу генерал Касым Сулейманини эмнеге жок кылууга буйрук бергенин АКШ президенти Дональд Трамп мындайча түшүндүрдү:

“Мен айтам биз чыныгы монстрды кармадык. Биз аны жок кылдык. Аны эчак эле жок кылуу керек болчу”.

Интерфакс жазгандай президент бул тууралуу Ак үйдө журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирген.

АКШ президенти Сулейманини америкалык элчиликти жардырууга камынганы гана үчүн эмес, башка да маанилүү себептерден улам жок кылуу чечими кабыл алынганын белгиледи. Пландалган теракт жөнүндө Трамп үстүртөн гана айтып өттү.

Эске салсак 3-январда америкалык аскерлер Багдаддагы эл аралык абамайданга абадан сокку жасашкан. Анын жыйынтыгында генерал Касем Сулеймани курман болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз