Суббота, 11 мая

Кыргызстандан Тажикстанга кезектеги каршылык нотасы

0

КР ТИМ Тажикстандан чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн тшашылыш чараларды кабыл алууну талап кылды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга каршылык нотасын жиберди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда 9-январдан 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам министр Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын ТИМ башчысы Сироджиддин Мухридди менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анын жүрүшүндө тажик жарандарынын ок атуучу курал колдонгонуна, Кыргызстандын жарандары бараткан автоунаага таш ыргытышканына кыргыз министри тынчсыздануусун билдирген.

Андан тышкары КР ТИМде Тажикстандын Кыргызстандагы консулу менен жолугушуу болгон.
КР ТИМ дагы бир жолу Тажикстанга каршылык нотасын жолдоду. Бул кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды дестабилизацияга алып келүүчү провокациялык аракеттер тажик жарандары тарабынан жасалып жатканына байланыштуу болду. Кыргыз тарап чек арадагы абалды курчуткан жарандарын жазага тартууну Тажикстандан талап кылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз