Суббота, 23 ноября

АКШ менен Ирандын ок менен эмес сөз менен согушу башталдыбы?

0

Ирандын өкмөтүнүн расмий өкүлү Али Рабей Украинанын эл аралык линияларынын Боинг-737 учагын иран ракетасы атып түшүргөнү тууралуу айыптоолорду жалганга чыгарды.
Эске салсак Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон украиналык учак иран ракетасы тарабынан атылганы тууралуу пикир билдирген.

“Бул айыптоолор калп экени далилденгенден кийин мындай жалган жалаа үчүн эч ким жоопкерчиликти алгысы келбейт”, — деген Рабей.

Ошондой эле ал Ирандын дарегине айтылган айыптоо “АКШ өкмөтүнүн психологиялык операциясы” болушу мүмкүндүгүн белгилеген.

Буга дейре Иран авиакырсыктык себептерин иликтөөгө АКШ, Канада, Украина жана Боинг өндүрүү-компаниясынын өкүлдөрүн чакырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз