Пятница, 10 мая

Түркия менен Ливиянын макулдашуусу кимдерге жакпай турат?

0

2019-жылдын жай айларында Түркия мамлекетинин Орусиядан С-400 ракета комплекстерин сатып алып, бир тараптан Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен, экинчи тараптан Европа Биримдиги менен мигранттар маселесине байланып турган мамилеси баш оорутуп турган чакта үчүнчү мүшкүл пайда болгон. Жер ортолук деңизинде өз ишин баштаган “Фатих” жана “Барбарос” аталышындагы бургулоо кемелеринин айынан АКШдан, Батыш өлкөлөрүнөн кысымга кабылган. Эч бир кысымга, экономикалык чараларга карабастан, көздөгөн багытынан кайтпай келе жаткан Түркия Республикасы баарын таң калтырган шахматтык жүрүш жасап, Ливия өлкөсү менен жаңы келишимге кол коюп отурат.

Түркия менен Ливиянын ортосунда кандай келишимге кол коюлду? Бул келишим эмне себептен Батыш өлкөлөрүн дүрбөтүп, НАТО саммитинин чакырылуусуна себеп болду? Келишимдин айынан Ливиядагы төңкөрүштү уюштургандардын аракеттери текке кеткени турабы? Кыскасы, жооп издеген суроолор көп жана көпчүлүктүн башын катырып турган чагы.

1969-жылы Ливияда аскердик төңкөрүш болуп, бийлик башына Муаммар Каддафи келген. Ливияны 42 жыл башкарып турган Каддафи, 2010-жылдын жазында башталган Түндүк Африкада жайгашкан арап мамлекеттериндеги элдик толкундоолор учурунда 2011-жылы өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн. Бул төңкөрүш бир эле Ливияда эмес, башка арап мамлекеттеринде да бир топ өзгөрүүлөргө алып келгени баарыбызга маалым. Өлкөдөгү экономикалык кризис, кымбатчылык ж.б. нерселер. Эч бири төңкөрүштү ишке ашырган элдин пайдасына болгон жок. Каддафиден соң Ливиянын бир бөлүгүн парламент жана фельдмаршалл Халифа Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполи шаарын эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөп калган.

Экономикалык чараларга, саясий кысымдарга алдырбай кол кармашкан эки өлкө кандай келишимге кол коюшту? Жер ортолук деңизинде кысымга кабылган Түркия, Ливия менен деңиздеги ыйгарым укуктуу аянттарына чек коюлушу боюнча макулдашууга барышты.

Бул макулдашууга каршы чыккан Греция, жума күнү тышкы иштер министирлиги тарабынан, Ливия элчисинен, меморандумдун текстин келаткан аптанын аягына чейин тааныштырбаса, өлкөдөн чыгарарын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз