Воскресенье, 19 мая

Түрк элдеринин орток медиа-порталы түзүлдү

0

Бир кезде, СССРдин тушунда саясый жагдайдан улам бири-биринен ажырап, байланышы үзүлүп калган түрк тилдүү мамлекеттер ушул улуу держава кулап, андагы Союздук республикалар Эгемендүүлүккө ээ болгондон же 1991-жылдан кийин кайра биригүү, өз ара кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

 Түрк тилдүү мамлекеттердин башын бириктирген уюм катары 2009-жылы 3-октябрда  Азербайжандын Нахичеван шаарында түзүлгөн Түрк кызматташтык кеңешин айтсак болот. Бул бирикмеге азыр Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө жана Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу болуп саналат. Катчылыгы Стамбулда жайгашкан Түрк кеңешине бүгүнкү күндө мчө-мамлекеттер ар кайсы тармактарда кызматташууда. Ооба, ар кандай эл аралык деңгээлдеги уюм, бирикмелердин ортосунда экономикалык карым-катнаш маанилүү экендиги белгилүү. Бирок азыркы ааламдашуу доорунда түрк элдери бир гана соода-сатык менен чектелип калбастан, бири-бири менен маданий жаатта да байланышып турууга муктаж. Бул жаатта баш кеңсеси Анкарада жайгашкан Түрксой уюму маданият, искууство жаатында бир топ иш чараларды өткөрүп келүүдө. Мисалы, быйылкы жылы Кыргызстандын Ош шаары “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп таанылып, жыл боюу бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттердин маданият, искусство кызматкерлери ар кандай иш чараларды байыркы Ош шаарында өткөрүштү.

Бирок түрк тилдүү мамлекеттер эң оболу бири-бири менен маалымат алмашууга да муктаж экендиги күн тартибине коюлуп, 2019-жылдын май айында Түрк кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин Азербайжандын борбору Бакы шаарында болуп өткөн жыйынында бирдиктүү медиа портал түзүү боюнча чечим кабыл алынган болчу. Себеби биз качан гана бири-бирибиздин маданиятыбызды, күнүмдүк турмушубуздагы жаңылыктарды  таанып-билгенибизде гана аралыгыбыз жакындап, достугубуз бекемделет.

Ал  идея акырындап ишке ашырылууда. Бул багытта жакында Түркиянын мамлекеттик ТРТ телерадиокомпаниясынын демилгеси менен Түркияда аталган биримдикке мүчө болгон маалымат каражаттарынын жетекчиликтери жолугушуп, алгачкы кадамдарды башташты.

Аталган иш чарага катышкан Кыргызстандын мамлекеттик “Пирамида” телеканалынын башкы продюсери Ырыс Иметалиеванын айтуусунда, Анкара шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин медиа өкүлдөрү чогулушуп, буга чейин кол коюлган документти иш жүзүнө ашырууну талкуулашты. “Пирамида телеканалынын атынан бул иш чарага мен алгачкы ирет катышып жатам. Мурда кол коюлган документте жакшы пландар түзүлгөн экен. Ал маалымат айдыңында  биримдикте болуп, орток иш жасоо, баардык тармактарда бири-бирибизге жардам берүүнү макулдаштык”,- деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз