Пятница, 20 сентября

Адам өмүрүн кандай адаттар кыскартат?

0

Адам баласынын өмүрүн зыяндуу адаттар жана ар кандай дарттар кыскартаары белгилүү. Нуриет Абдулазиз уулу илимпоздордун изилдөөсүнө таянып өлүм себептеринин тизмесин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда тамеки тартуу, ичкилик ичүү сыяктуу зыяндуу адаттар, кант диабети, бийик кан басым, ашыкча салмак сындуу дарттар жана кыймылсыз жашоо, жакырчылык канча жылдык өмүрдү алаары белгиленген.

Тамеки тартуу эркектердин өмүрүн 5,6 жылга, ал эми аялдардыкын 4 жылга кыскартаары көрсөтүлгөн.

Диабет оорусу – эркектердин 4,1 аялдардын 3,9;
Кыймылсыз жашоо – эркектердин 2,8, аялдардын 2;
Жакырдык – эркектердин 2,6, аялдардын 1,5;
Бийик кан басым – эркектердин 1,9, аялдардын 1,3;
Аракечтик – эркектердин 0,6, аялдардын 0,4;
Ашыкча салмак – эркектердин 0,4, аялдардын 0,9 жыл өмүрүн “уурдайт”.
Көрсөткүчкө баам сала келгенде адам өмүрүнүн эң коркунучтуу душманы болуп тамеки тартуу табылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз