Суббота, 18 мая

Түркия Кыргызстанда тигүүчүлүк жана бычмачылык курстарын уюштурду

0

Түркия Кыргызстанда тигүүчүлүк жана бычмачылык курстарын уюштурду
Жалпысынан Кыргызстанда мындай курстарды аяктаган 110 аялдын жарымынан көбү жумушка орношкон.
Түркиянын кызматташтык жана координация боюнча агенттиги (TİKA) Кыргызстанда тигүүчүлүк жана бычмачылык курстарын аяктаган 110 аялга сертификаттарды берди.
Бул бекер курстар TİKA тарабынан бир жарым жыл мурда ачылган ыкчам окуу жайлары тарабынан уюштурулган.
Окууну аяктагандарга сертификаттарды Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат жана TİKA программасынын координатору Али Муслу мырзалар тапшырышты.
Элчи өз сөзүндө курсту аяктаган 110 аялдын жарымынан көбү жумушка орношкондугун белгиледи.
Кыргызстанда кирешеси орто деңгээлдеги үй-бүлөлөр үчүн да даяр кийимдердин баасы жогору болгондуктан, көпчүлүк аялдар аларды өздөрү эле үйдө тигип алышып, акчаны да үнөмдөп калышат, өнөрдү да үйрөнүп алышат. Ошондой эле мындай кийимдерди базарда сатса болот.
Бир жагынан тигүүчү машиналардын баасы кымбат болгондуктан, кирешеси аз аялдар аларды сатып ала албай келишкен. Мындай көйгөйдү чечүү үчүн TİKA 2017-жылы Социалдык ишкерлик жана өнүгүү фонду менен биргеликте ыкчам тигүү цехтерин ачып, аялдар ал жакта каалаган кийимдерин бекер тигип алууга шарт түзүлгөн..
Ош шаарында азыр мындай курстарды 59, ал эми Мады айылында – 51 аял аяктаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз