Суббота, 18 мая

2018-жылы Кыргызстанда 36 сайт жабылган

0

2018-жылы Кыргызстанда 36 сайт жабылган
Өткөн жылы Кыргызстанда 36 интернет-сайт экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды тараткан деген негизде жабылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Мекеменин билдиргенине караганда, жалпысынан былтыр милиция органдары мындай багыттагы 91 маалыматты, 70 сайтты жана 21 аккаунтту аныктап чыккан.
Ал эми 36 сайт соттун чечими менен жабылган.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 21 уюмдун иши деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таанылып, соттун чечими менен алардын ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынган

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз