Четверг, 25 апреля

Чек ара: Түндө Тажикстандын аймагынан мылтыктын атылганы угулуп турду

0

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды туруктуу деп сыпаттоодо. Маалыматка караганда 10-январдан 11-январга караган түнү чек арачылар мамлекеттик чек ара аймагын күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алышты.

Ал эми укук коргоо кызматтары коомдук тартипти жөнгө салышты. Түн ичинде Тажикстан тараптан мылтыктын атылганы тынымсыз угулуп турган.

Ошондой эле 11-январга караган түнү болжол менен 00.40 чамасында Төрт-Көчө аймагындагы жолдо тажикстандыктар кыргызстандыкка таандык жүк ташуучу автоунаага таш ыргытышкан. Таш автоунаанын алдыңкы айнегин талкалаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз