Австралиядагы ири өрт космостон сүрөткө тартылган. Аны россиялык космонавт Олег Скрипочка Эл аралык космикалык станциянын бортунан тартканы айтылууда.
Австралиядагы өрт 2019-жылдын октябрында башталган. Анын кесепетинен 2 миллион гектар токой жана 3 миңден ашуун имарат жабыркаган. Токойдогу жаныбарлар өрттөн качып адамдарды көздөй чуркаганы дүйнөгө жарыя болгон.