Четверг, 9 мая

Баткендиктер тынчсызданышууда. Абал кооптуу

0

Баткен облусунун Көк-Таш айылынын тургундары Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо ишин тездетүүнү бийликтен талап кылышууда.

Аталган айылдын тургундары Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшүп чек арага жакын айылдарда ар кандай жаңжал дайыма болуп тураарын айтышты.

Алар буга чейин эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы пикир келишпөөчүлүк таш ыргытуу менен гана коштолсо эми ок атыла баштаганына тынчсызданышты.

“Кырдаал абдан коркунучтуу, биз үчүнчү күчтөр бул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып кетеби деп тынчсызданып жатабыз. Бийлик бул нерсеге көз жумуп койбостон мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоону тез арада ишке ашырышы зарыл”, — дешти.

Эске салсак кыргыз-тажик чек арасындагы кезектеги жаңжал бул жылдын эсебинен 9-январда башталган. Анда тажик жарандары кыргызстандыктын жүк ташуучу унаасына таш ыргытышкан. Андан кийинки түндөрдө Тажикстан тараптан маал-маалы менен мылтыктын атылганы угулуп турганын КР Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз