Четверг, 9 мая

“Уучубуз куру эмес”. Кичинекей шахматчылар — Фото

0

Бишкекте кечээ, 12-январда шахмат боюнча чемпионат соңуна чыкты. Кыргызстандын шахмат Федерациясынан билдиришкендей жеңиш үчүн жаш куракка ылайык бөлүнгөн жети топтон 220 шахматчы ат салышкан. Алты жашка чейинкилердин арасынан эң мыкты деп Дастан Жеңишбеков табылган.

Ал эми 8 жашка чейинкилердин арасынан Амир Шаршеналиев, 10 жашка чейинкилерден Алинур Касымов, 12 жашка чейинкилерден Амир Султангазиев, 14 жашка чейинкилерден Элдияр Орозбаев, 16 жашка чейинкилерден Замирбек уулу Адилет жана 18 жашка чейинкилерден Алтай Акматов чемпион болду.

Ал эми кыздар арасындагы таймашта Нурайым Жакыпова, Азема Токтобекова, Элиза Касымова, Аяна Токталиева, Аэлина Кудайбергенова, Эсенбек кызы Айжылдыз жана Алтынбек кызы Асел алдыңкы орунду ээлешти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз