Абхазиянын президенти отставкага кетти

0

Абхазиянын прзединти Рауль Хаджимба мамлекет башчылыгын өткөрүп бергенин ТАСС жазып чыкты.

Анда айтылгандай президенттин бийликтен кетүү тууралуу арызын экс-премьер-министр Сергей Шамба жарыялаган. Өлкөнүн вице-президенти Беслан Барциц Хаджимба президенттиктен Абхазиядагы туруктуулукту сактоо үчүн кеткенин билдирген.

Буга дейре Сухумиге Россиянын президентинин жардамчысы Владислав Сурков Абхазиядагы саясий кризисти жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн келгени жазылган.

Эске салсак 9-январда Абхазиянын парламентинин оппозициялык депутаттары президентке талап коюшкан, анын башкысы мамлекет башчылыгына кайрадан шайлоо өткөрүү болгон. Ошол убакта каршылык акцияга чыккандар президенттик администрациянын жана парламенттин имаратын курчоого алышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз