Бишкекте жашасаңыз тез арада велосипед сатып алыңыз

0

2020-жылы Бишкек мэриясы шаар тургундары үчүн кандай ишти аткарууга ниеттенип жатканы белгилүү болду. Мэриядан билдиришкендей Азиз Суракматов вице-мэрлер жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен бир чечимге келди.

Анын жыйынтыгында шаарда П түрүндөгү жаңы жөө жүргүнчүлөр үчүн аймак пайда болот. Манас проспектисинин Ахунбаев көчөсү менен кесилишкен бөлүгүнөн баштап Чүй проспектисине чейин чыгыш тарабында тротуар жана веложол түзүлөт, а батыш тарабында жалпы узундугу 3,7 кмга жеткен тротуар гана болот.

Манас проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейинки Чүй проспектисинде узундщугу 1,8 км.га жеткен тротуар жана веложол орнотулат.

Байтик баатыр көчөсүндө Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки аймактын батыш тарабына шаардыктар жана велосипедде жүрүүнү сүйүүчүлөр үчүн аянт пайда болсо, чыгыш тарабына тротуар түшөт.

Тротуарлар менен веложолдордун жалпы узундугу 18,4 км.га жетет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз