Четверг, 9 мая

Журналисттин өлүмү үчүн премьер-министр креслосун бошотту

0

Мальтанын премьер-министри Жозеф Мускат кызматтан кетти. Ал жергиликтүү журналист Дафни Каруана Галициянын өлүмү боюнча жүрүп жаткан иликтөө иштерине байланыштуу болду.
Эске салсак иликтөөчү журналист 2017-жылы киши колдуу болуп, анын унаасын белгисиз адамдар жардырып жиберишкен.

Бул иш боюнча кылмыштын аткаруучулары катары үч адам кармалган. Өткөн жылдын аягында шектүү катары белгилүү мальталык ишкер Йорген Фенек дагы камакка алынган.

Премьер-министр Жозеф Мускат кызматтан кетерин бир ай мурда эле жарыялаган. Ага чейин өлкөдө анын кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар өткөн. Активисттер Галициянын иликтөөлөрүндө Мускаттын аты аталганын, буга байланыштуу ал жетектеген өкмөт журналисттин өлүмүн иликтегени туура эмес болорун айтып чыгышкан.

Башкаруучу партия премьер-министрликке бул кызматта 2009-жылдан 2014-жылга чейин иштеген мурдагы өкмөт башчы Жорж Абелдин уулу Роберт Абелди шайлады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз