Воскресенье, 19 мая

Байлыгы бар бактысы жок миллиардер жубай издейт

0

Япониялык миллиардер Юсаку Маэдзава 2023-жылы SpaceX компаниясынын Starship космикалык кораблинде учууга даярданып жатат. Ал бул Жер планетасын айланган өзгөчө сапарында коштоп жүрө турган, жан шерик болчу айымды издеп жатканын жар салды.
44 жаштагы миллиарддер жубай издеген жарыясын өзүнүн сайтына жарыялады, ал мындай кызыктуу саякатты болочок түгөйү менен бөлүшүүнү каалай турганын белгилеген. Маэдзаванын жубайы болууга талапкерлерден арыз 17-январга чейин кабыл алынат.

Ушул жылы Маэдзава Илона Маска компаниясы тарабынан Айга учуучу коммерциялык биринчи кардар деп таанылшган.

Америкалык астронавттардын Айга болгон акыркы сапары 1972-жылы иш жүзүнө ашкан, ошондон бери адамдар мындай миссияны аткарыша элек эле.

“Бойдок” космикалык шоусуна кастинг

Маэдзава жакында эле 27 жаштагы актриса Аямэ Горики менен ажырашкан. “Жалгыздык жана боштук чөктүрүп баратат, бирок баары бир нерсени каалайм: өмүр бою бир гана айымды сүйгүм келет”, — деп жазган миллиардер.

Япон ишкерине жаңы түйгөй табуу үч айлык мөөнөттө ишке ашмай болду. Талапкерлерге талаптар тизмесине булар жазылган: 20 жаштан улуу болбошу керек, башта турмушка чыкпаган, дайыма позитивдүү жүргөн… Анан дагы космоско учууга макул болушу шарт.

Юсаку Маэдзава ким?

Ишкер Маэдзава башында панк-рок-топтун барабанчысы катары таанымал болгон. Анын байлыгы болжол менен 3 миллиард долларга жакын жана аны Zozo кийимдерин чекене сатуу базарынан тапкан.
Бул бизнесмен искусствогнун көптөгөн жаратмандыктарын сатып алуусу менен белгилүү, андан тышкары “аттракциондук берешендиги” бар, мисалы бир нече күн мурда ал Твиттерден капысынан тандалып алынган катталуучуларга 100 млн. иен (925 миң доллар) тараткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз