Воскресенье, 19 мая

Президенттин бийликтен көңүлү үч көчкөн журттай калды

0

Абхазиянын отставкага кеткен президенти Хажимба президенттик шайлоого ат салышпайт. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Абхазиянын вице-президенти Аслан Барциц маалымат агенттигинин мурдагы президенттин кайра так үчүн таймашка бараар-барбасы тууралуу суроосуна кыска гана: “Жок, барбайт”, — деп жооп берген.
Буга дейре Барциц Хажимбанын отставкага кетүү боюнча документке кол койгонун жар салган. Бүгүн парламентте Хажимбинин отставкага кетүү арызы каралат.

Эске салсак Абхазия эли бийликке каршы митингге чыгышкан. Алар президенттик администрациянын жана парламенттин имаратын курчашкан. Учурда имараттардан оппозиционерлер жана оппозициялык депутаттар чыгып кетишти. Алардын ордун мамлекеттик кызматтын кызматкерлери ээлешти. Имараттын комендатты жыйнап-тазалоо иштерин жүргүзүүгө көрсөтмө бергени маалым болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз