Воскресенье, 28 апреля

И. Калын: ФЕТӨ менен күрөшүүнү дүйнөнүн баардык жеринде чечкиндүүлүк менен улантабыз

0

И. Калын: ФЕТӨ менен күрөшүүнү дүйнөнүн баардык жеринде чечкиндүүлүк
менен улантабыз
Түркия президентинин аппараттынын басма сөз катчысы Ибрахим Калын Стамбул
Мэриясы баштаган «Эч жабылбаган китепкана» долбоорунун алкагында сүйлөгөн
сөзүндө ФЕТӨ Гүленчи террордук уюму менен күрөшүүнү дүйнөнүн бардык
жеринде чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын айтты.
Программага катышкан Калын, журналисттерге берген маалыматында ФЕТӨ
менен күрөшүү темасында чечкиндүүлүктөрү так экенин айтты.
«Дүйнөнүн кайсы жеринде болсо болсун, эң жогорку баскычынан эң астыңкы
баскычына чейин бул чыккынчылык бандасына каршы күрөшүүбүз чечкиндүү
түрдө уланат»,- деди ал.
Андан ары ал сөзүн төмөндөгүдөй улантты: «Бүгүнкү күнгө дейре дүйнөнүн көп
сандаган мамлекеттеринде абдан маанилүү жолду басып өттүк. Дос жана
шериктеш өлкөлөр бул ФЕТӨ террордук уюмунун бир гана Түркияда эмес, башка
өлкөлөрдө да кандай чоң коркунуч жаратканын түшүнө башташты. 20 чакты
өлкөдө ФЕТӨ мектептери жабылды же Түркиянын мамлекеттик Маариф фондуна
өткөрүлүп берилди».
ФЕТӨнүн диний, коомчулук жана саясий жактан тийгизген зыяндарынын эми ар
кайсы аймактарда билингенин маалымдаган Калын: «Бул жалган, чыккынчы жана
жолдон адашкан бандага каршы күрөшүүбүз чечкиндүүлүк менен ар тараптуу
уланат»,-деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз