Понедельник, 13 мая

Анкара Исламабадка Гүлен кыймылы менен күрөшүүсүнө ыраазычылык билдирди

0

Анкара Исламабадка Гүлен кыймылы менен күрөшүүсүнө ыраазычылык
билдирди
Түрк Парламент мүчөлөрү мындай мүнөздөгү катты Пакистандын премьер-
министрине жолдошту.
Түркия-Пакистан парламенттер аралык достук тобунун мүчөлөрү Пакистандын
премьер-министри Имран Ханга “Параллелдүү мамлекет” (FETO) деп аталган
террордук кыймылдын мектептерин Түркиянын Агартуу фондунун (TMV)
карамагына өткөрүп бергендиги үчүн ыраазычылык кат жөнөтүштү.
Катта Пакистан сотунун чечимине Фетхуллах Гүлен башында турган кылмыштуу
агымдын Пакистандагы террордук уюмдардын тизмесине кошуу тууралуу
чечимине жогору баа берилген.
Түркия-Пакистан парламенттер аралык достук тобунун башчысы Али Шахин
“Анадолу” агенттигине Пакистан бир тууган өлкө катары Түркия менен дайыма
Анкаранын кыйын күндөрүндө жардам берип келгендигин айтты.
Ал Гүлендин тарапташтары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн
улантып жатышкандыгын белгиледи. “Бул кыймыл ар бир мамлекеттин
коопсуздугуна коркунуч жаратат. Пакистандын Конституциялык сотунун FETO
мектептерин TMVнын карамагына өткөрүп берүү тууралуу чечими башка өлкөлөр
үчүн да мисал болуп калмакчы”,- деди депутат.
Шахин ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мындан ары да жаңы
бийиктиктерди багындыра берерине ишенерин билдирди. “Түркиянын президенти
Режеп Тайип Эрдоган жана Пакистандын премьер-министри Имран Хандын
жетекчилиги астында эки мамлекет бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтык жана
бейпилдик орношуна салым кошо бермекчи”,- деди түрк парламентарийи.
Мындан мурда Пакистандын Жогорку соту ИИМди Фетхуллах Гүлен кыймылын
террордук уюмдун катарына кошууну милдеттендиргендиги маалымдалган.
Ошондой эле Пакистандын Жогорку соту Гүлендин тарапташтарынын
мектептерин Түркиянын Агартуу фондунун карамагына өткөрүп берүү тууралуу
токтом чыгарган.
Түркиянын Гүлен кыймылынан куралган куралдуу күчтөрүнүн аскерлери 2016-
жылдын 15-июлунан 16на караган түнү өлкөдө бийликти төңкөрүш жолу менен
басып алуу аракетин жасаган.
Бирок бул хунтанын аракети өлкө жетекчилиги жана укук коргоо органдары,
ошондой эле өлкө жарандарынын каршылыгынан улам ошол замат ооздукталган.
Анда 251 адам каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз