Суббота, 18 мая

Москвада Ливиядагы ок атууну токтотуу боюнча келишим долбоору даярдалды

0

Москвадагы Ливия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ливиядагы ок атуу режимин токтотуу боюнча келишим долбоору түзүлдү.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен биргеликте берген маалымат жыйынында билдирди.

Түрк дипломатиясынын башчысынын айтымында Түркия менен Россиянын өкүлдөрү бир күндүн ичинде Ливиядагы ок атууну токтотуу боюнча келишимди ишке ашырууга бардык күчтөрүн жумшашты.
Чавушоглу билдиргендей Ливиянын улуттук макулдашуу өкмөтүнүн башчысы Фаиз Саррадж жана Жогорку мамлекеттик кеңешинин төрагасы Халид аль-Мишри келишим долбооруна кол коюшту, бул убакта генерал Халиф Хафтардын тарапташтары келишим долбоору менен таанышып чыгууга убакыт сурашты.

“Хафтар 14-январдын таңына чейин убакыт сурады. Эгер шейшемби эртең менен Хафтар келишимге кол койсо анда Ливиядагы ок атууну токтотуу режимин сактоону жарыялаган тараптар өз милдеттерин документтүү түрдө тастыкташат. Биз Ливиядагы саясий процессти активдештирүүгө умтулабыз”, — деди түрк министри.

Түркиянын ТИМ башчысы Анкаранын Ливиядагы саясий туруктулуулукту жөнгө салуу маселеси боюнча Москва менен чогуу аракетте болооруна даярдыгын билдирди.
Сергей Лавровдин айтымында ливиялык конфликт боюнча Москвадагы сүйлөшүүлөр кайсы бир деңгээлде максатына жетти.

“Түркиянын жана Россиянын ТИМ башчылары жана коргоо министрлери жолугушууда ливиялык конфликт боюнча документтерди карашты”, — деди Лавров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз