Вторник, 30 апреля

“Factcheck.kg” журналистине кол салгандардын максаты эмне эле?

0

2020-жылдын 9-январында Бишкек шаарына караштуу Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына “Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору Болот Темиров арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 9-январында саат 12:45 чамасында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварынан азият үлгүсүндөгү бейтааныш 25-30 чамасындагы үч жаран кол салып, сабап “Самсунг Ж-7” үлгүсүндөгү 4000 сомдук уюлдук телефонун алып качып белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан.

ИИМдин маалыматына караганда аталган факты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жоруктардын жана кылмыштардын Бирдиктүү ресстерине катталган. Ошондой эле КР Жазык кодексинин 201-беренесинин 1 –бөлүмү (“Тоноо”) боюнча иш козголгон.
Ыкчам –терөө тобунун ыкчам иликтөө, издөө иш-чаралары жүрүшүндө 2020-жылдын 14-январында Бишкек ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылкы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышкан.

Бүгүн эртең менен шектүүлөр Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киризилди.
Азыркы учурда кылмыштын баардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатат. Тергөө амалдарын жүрүшүндө бардык жагдайлардын аныкталышы менен шектүүлөрдүн кыймыл аракетине кошумча юридикалык баа берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз