Понедельник, 25 ноября

Казакстанда ДНК-экспертизанын баасы өтө аз – 50 миң теңге. Бирок бул баанын жыйынтыгы да көңүл чөгөргүдөй: анализдердин 20 пайызы аталар башка бирөөнүн баласын чоңойтуп жатканын аныктайт.
Казакстандык express-k.kz сайты “Астана форум” Инстраграм баракчасына жакында аялы башка бирөөдөн төрөгөнүн эми билген эркектин катын жарыялаганын кошумчалаган. Ал киши ДНК-тести баласынын өзүнө катыштыгы жоктугун аныктаганын, эми жубайына кантип айтуунун же айтпай эле коюунун амалын таппай жатканын жазган. Кишинин билдирүүсүнүн алдына пикир калтыргандардын айрымдары баласы менен жубайынын да ДНКсын салыштырып көрүүнү сунуштаган, анткени бала такыр эле чоочун, төрөтканада алмашылган болуп чыгышы да ыктымал да. Дагы бир даары “тапкан эмес баккан эне” деген макалды эске салып ушуга чейин баккан баланы мындан ары да эрезеге жеткире берүүсүнө кеңеш беришкен.
ДНК-экспертизалардын арзандашы эркектерди тобокел кадамдарга түртө баштады. Анын үстүнө терс жыйынтыктардын көбөйгөнү клиникаларга аялынан күмөн санаган эркектер кайрылып жатканын билдирет. Аялдар да четте калышпады, көптөгөн ДНК-лабораториялар адамдын ички кийиминен канча интим-өнөктөшү бардыгын аныктоочу анализ жүргүзгөндүктөн, жеңил ойлуу жолдошунун абийирин ачууга бардык айымдар даяр.
Борбор калаадагы клиникалардын бири белгилегендей көзгө чөп салуу тестине аялдар да, эркектер да кызыкдар болушууда. Ал эми аталыкты аныктоо ДНК-тестине тапшырык бергендердин 30 пайызы келинин жүрүм-турумуна ишенбеген кайын энелер.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз