Суббота, 27 апреля

Франция Борбордук Африкага дагы 220 аскер жөнөтөт

0

Франция Сахель аймагына дагы кошумча иретинде 220 аскер жибергенин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Мали, Буркина-Фасо, Нигер, Чада жана Мавританиядагы кесиптештери менен Сахель беш тобунун (G5) мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы тууралуу биргелешип берген маалымат жыйынында айтты.

“Эмнеге Франция Сахелге катышып жатат? Бул тууралуу менден көп сурашты. Франция аймакка терроризм менен күрөшүү үчүн барды. Биз террористтик топтор менен күрөшөбүз. Франция аймакта Сахель өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн сактоо үчүн аймакта турат. Бул Сахель өлкөсүнүн талабы”, — деди Макрон.

Айтымында Сахель беш тобунун лидерлери Франция Сахелде “Бархан” операциясынын алкагында катышуусун каалашууда.

Франциянын максаты –айрыкча Мали, Буркина-Фасо жана Нигердеги коопсуздукту камсыздоо болуп саналат.

“Биз “Бархан” операциясына тартылган контингентти күчөтүүнү чечтик. Сахель аймагына кошумча 220 аскер барат”, — деп белгиледи Макрон.

Ал белгилегендей Сахель аймагында эл аралык катыш күчөтүлөт.

Сахель – Африканын жаратылыш аймагы. Аянты боюнча Батыш Европага тең келчү Сахель аймагында Мавритания, Сенегал, Гамбия, Мали, Буркина-Фасо, Нигер, Чад жана Кабо-Верде жайгашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз