Суббота, 27 апреля

Хафтар келишимге кол койбой Москвадан кетип калды

0

Ливия Улуттук арминиясынын жолбашчысы Халиф Хафтар Ливиянын Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн башчысы Фаиз Саррадж менен жарашууу боюнча келишимге кол коюудан баш тартты да сапарга чыкты.

Бул тууралуу Интерфакс жазды. Андагы маалыматка караганда Хафтар баштаган делегация Россиянын аймагынан чыгып кетти.

Буга дейре Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвадагы Ливия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жарыялап, Ливиядагы ок атууну токтотуу боюнча келишим даярдалганын билдирген. Хафтар документ менен таанышууга кошумча убакыт сураганы да маалым болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз