Суббота, 20 апреля

Футболчу Ельциндин небересине куда түштү

0

Москвалык “Локомотив” тобунун чабуулчусу Федор Смолов Россиянын биринчи президенти Борис Ельциндин небереси Мария Юмашеванын колун сурады. Бул тууралуу “7 Дней” жазды.
29 жаштагы оюнчу кыздын эрезеге жетээр күнүн күтүп жатат. Учурда Юмашева болгону 17 жашта. Алар тойду 2021-жылга белгилешкен жана Кариб деңизинин Сент-Барт аралында өткөрүүнү пландашууда.

2015-жылы Смолов модель жана теле алпаруучу, 2003-жылдагы “Россия сулуусу” титулунун ээси Виктория Лопырева менен ажырашкан. Алар 2013-жылы Мальдивада баш кошушкан. Кийинчерээк жубайлар мыйзам чегинде никеге катталышпаганы белгилүү болгон. Лопырева менен ажырашкандан кийин Смолов моделдер Миранда Шелия, Юлия Левченко, София Никитчук менен да мамиле түзүүгө үлгүргөн.

Ал “Локомотив”, “Краснодар”, “Урал” жана “Динамо” клубдарында ойногон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз