Среда, 24 апреля

Чамдаңыз! Түркиянын бекер билим берүү программасына катталуу башталды (Инфографика)

0

Түркия стипендиялык программасы – 2020 башталды. Түркиянын тандалма университеттеринен стипендия менен билим алуу мүмкүнчүлүгүн кое бергиңиз келбесе 10-январдан 20-февралга чейин боло турчу катталуудан өтүңүз.

Катталуулар бардык окуу даражаларында — бакалавр магистратура жана докторантурага кабыл алынат.
Эскерте кетсек документтер катталуу системасы аркылуу гана ишке ашат.

Түркиянын жогорку окуу жайларындагы чет элдик студенттердин саны акыркы беш жылда 48 миңден 178 миңге чейин жетти жана бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Чет элдик студенттер үчүн Түркияда бир катар стипедиялык программалар каралган. Алардын катарында – Түркия өкмөтүнө караштуу Чет өлкөлөрдөгү мекендештердин жана боордош жамааттардын иштери боюнча башкармалык (YTB), Жогорку билим берүү боюнча Түркия кеңеши (YÖK) – “YÖK Bursları”, “Hükümet Bursları”, “Türkiye Diyanet Vakfı bursu” бар.

Мындан тышкары, чет элдик студенттер 207 түркиялык ЖОЖдордогу 60 миң стипендиялык программалардан пайдалана алышат.

Анын ичинде “Түркия стипендиялары” Түркияда акысыз билим алууга шарт түзүп берет. Программа сынактан өткөн билим алуучуларды жатакана, эртең мененки жана кечки тамак жана стипендия менен камсыздайт. Акысыз билим алып, акысыз жашап жана ал үчүн акы да алып турасыз. Ошондой эле окуп жаткан мезгилде студенттер акысыз медициналык жардам ала алышат. Буларга кеткен чыгымды түрк мамлекети төлөп берет.

Программага түрк жарандарынан башка бардык өлкөлөрдүн атуулдары катыша алат. Бирок каалоочулардын жаш курагында чектөө бар. Мисалы бакалавр – 25 жашка чейинкилер, магистратура – 30 жашка, докторантура – 35, ал эми изилдөө стипендиясын алуучулар – 45 жашка чейинкилер үчүн.
“Түркия стипендиялары” программасы студенттерди акысыз курс, семинар жана стажировка менен да камсыздайт. Билим алып жаткан тармактан тышкары башка жактан да өзүн өстүрүүгө зарыл шарттардын баары бар. Программа аркылуу Түркиядагы мамлекеттик окуу жайларга тапшырууга мүмкүнчүлүк табылат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз