Понедельник, 20 мая

Жапониядагы ресторанга кылмышкерлер кирип үч адам жабыр тартты

0

18-январь күнү эртең менен Жапониядагы Синдзюку ресторанына белгисиз адамдар киргенин НХК телеканалы кабарлады. Төрт адамдан турган кылмышкерлерде бычак болгон. Алгач жогорку даражадагы кызматкерин келүүсүн талап кылышкан. Андан соң үч адамга кол салып качып кетишкен.

Полиция кызматкерлеринин маалыматына таянсак, жабыр тарткан кызматкерлердин бирөөсүнүн жарааты оор, бирок өмүрүнө коркунуч жок. Калганынын абалы туруктуу. Учурда полиция иликтөө ишин баштады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз