Понедельник, 20 мая

Австралияда жүз жылда бир болуучу сел катталды

0

Сел Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Буга байланыштуу көпчүлүк жолдор жабык жана штаттын түштүк-чыгышындагы сейил бактары иштебей эле. Жол жүрүү кыйындагандыктан кайыктар менен жүрүп жатышат. Квинсленда метеорологиялык кызматынын маалыматы боюнча алдыңкы күндөрү сел болбойт, бирок эс алуу күндөрү жамгыржаашы күтүлөт.

Ал эми коңшу Жаңы Түштүк Уэльс менен Виктория штаттарында токойлор өрттөнүп жатат. Учурда электр жарыгы жок жашап жаткандар бар.

Австралиядагы күз мезгилинен бери токойлордун массалык өрттөнүүсүнөн миллион гектар жер күйүп, 27 адамдын өмүрүн алды. Эки миң үй жашоого жараксыз болду. Маалыматтар боюнча миллиарддан ашык жаныбарлар өлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз