Четверг, 19 сентября

Трамп: “Иран лидерлери өлкөнү “улуу” кылышы керек”

0

АКШнын президенти дональд Трамп Иран лидерлерин өлкөнү кыйратпоого жана “Иранды кайрадан улуу өлкө” кылууга чакырды.

“Американы жакшы көргөн Ирандыктар сыйды талап кылгандыгы үчүн өлтүрүлүүгө эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгын, каалоосун аткарган бийликке татыктуу. Иранды бузуунун ордуна лидерлери террорчулуктан баш тартып кайрадан Иранды “улуу” кылышы керек”- деп жазды Дональд Трамп өзүнүн твиттер баракчасына.

Бул оюн перс тилинде дагы калтырган. Ал мурда Иран шайлоого катышуусу аны кабатырлантпайт экенин жазган. Бирок твиттер аркылуу каршылык көрсөткөн Ирандыктарды колдоп, аларды эр жүрөк эл деп атаган. Бул окуядан кийин Ирандын ИИМофициалдуу өкүлү Аббас Мусаби: “Ыплас тилдер перс тилин маскаралай албайт”- деген пикирин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз