Вторник, 26 ноября

Сауд Аравиясы америкалык аскерлер үчүн АКШга 500 млн. доллар бөлдү

0

Бул туурасында CNN кабар агенттиги өткөн жылдын декабрь айында жарыя кылган. Пентагондун өкүлү Ребекка Ребарич, Дональд Трамптын “АКШнын коргоо министрлиги тарабынан чыгымдарды ортоктошо бөлүшүү боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде аймактык коопсуздукту сактаган америкалык аскерлердин чыгымдарын көтөрүүдө Сауд Аравиясы өз колдоосун көрсөттү” дегенин билдирди.

Ушул эле кабарда 2019-жылдын сентябрь айында Ирандын учкучсуз аба унаалары аркылуу жасалган чабуулдардын айынан Саудиянын нефть базаларын коргоо максатында өлкөгө америкалык миңдеген аскерлердин жана зениттик ракеталардын жайгаштырылганы айтылган.

Америкалык аскерлердин чыгымдарынын кайсы тармагын көтөрө тургандыгы жана Йемен согушунда көрсөткөн колдоосу менен бирге натыйжада АКШга канча карыз болгондугу тууралуу эки өлкөнүн ортосунда жолугушуулардын уланып жатканы да айтылган. Ошондой эле, өткөн аптада Дональд Трамптын Фокс Ньюска берген маегинде америкалык аскерлердин чыгымдары үчүн Саудиянын 1 млрд. доллар акчалай каражатын банк аркылуу которгону маалым болгон. Айрыкча, 1990-1991-жылдары Перс булуңу согушунда Сауд Аравиясы, Кувейт жана башка Перс булуңунда жайгашкан араб өлкөлөрү АКШга 36 млрд. доллар каражат бөлгөнүн баса белгилеген.

Сауди ARAMCOго чабуул

Дүйнөдө эң ири компания болуп турган Сауд Аравиясынын Улуттук Нефть Компаниясы Сауди АРАМКОго таандык эки базага 2019-жылдын 14-сентябрь күнү пландалган террордук чабуулда өрт чыгып, натыйжада өлкө бюджетине түшүп турган күнүмдүк өндүрүүдөн 5,7 миллион бочка нефтке зыянга учурашкан. Бул террордук аракет Иран тарабынан колдоо көрүп келген йемендик хусилердин 10 учкучсуз аба унаалары менен ишке ашкандыгы маалым болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз